Стадионду талкалап, элге бериле турган жеңилдетилген кредитке курулган “Азия Молл” менен мактанган Бабанов

31-август Эгемендүүлүк күнү борбор калаабыздын “Манас” проспектисинин боюнда курулуп аткан “Азия Молл” соода борборунун ачылыш салтанаты болот. Буга
байланыштуу учурда соода борбордун имаратынын жасалгаланышын толугу менен аяктоого курулушчулар катуу киришип отурган чагы экен. Ал эми анын кожоюну
болуп саналган “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабановдун пиарщиктери Кыргызстанда бир укмуш чоң жаңылык болуп аткандай соода борбордун ачыла
тургандыгын жарнама кылышууда.

Чын эле бул көкүрөк кагып мактана турган же элибиздин төбөсү көккө жетип кубана турган окуябы? Талдап көрөлү.
Биринчиден, мына ушул соода борбору курулган жерде тээ Акаевдин доорунда жакшынакай “Инструментальщик” аттуу стадион бар эле. Ал стадиондо шаардыктар
футбол ойношуп, эртең менен эрте туруп алып чуркашып, түрдүү көнүгүүлөрдү жасап ден-соолуктарын чыңдап турушчу.
Анан эле 1999-жылы жаш баладай болуп эки колун алдыга созуп алып, ар кимге чуркап барып учураша берүүчү академик-президент Аскар Акаев ошол стадиондун
ордуна супермаркет куруу боюнча түркиялык ишкерлер менен келишимге кол коюп жиберет. Ал түрк компаниясы да шылуундардын бири болгон экен, стадионду бузуп
салышканы менен эч кандай супермаркет деле курушпайт. Ал эми Акаев “ыраазычылык” үчүн алып койгон акчасына кымылдап унчукпайт.
Түрк ишкерлери ал жерди кийин башкаларга сатат. Бирок кимдерге сатканы, канчага сатканы тууралуу эч кандай маалымат чыкпайт. Анан Бакиевдин заманы келет.
“Инструментальщик” деген стадион бар эле деп эч кимиси эстиеп койбойт. Анан Убактылуу өкмөт бийликке келет. Анда деле стадиондун таржымалы талкууланбайт.
Көрсө, тарыхы түнт токойго айланып калган “Инструментальщик” стадиону жайгашкан жерге Өмүрбек Бабановдун туугандары ээлик кылып калган экен да. Бирок, аны
Бабановдун туугандары сатып алганбы же тартып алганбы, азырынча белгисиз жагдай. Белгилүүсү, шаардыктардын ден-соолугун чыңдай турган, көңүлүн ача турган
стадион түп-орду менен жоголуп, минтип “Азия Молл” аттуу бир адамдын чөнтөгүн кампайта турган соода борбору курулуп калды.

Булак: sayasat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу