Спорт күнүмдүк ишиңизге айлансын!

Кээ бир адамдарга спорт менен алектенүү тиш тазалоо сыяктуу адатка, күнүмдүк жасап жүргөн жумушка айланган. Эгер сиз үчүн көнүгүүлөрдү аткаруу азыр деле кыйын болсо, төмөндөгү кеңештерге кулак салып, келечекте спорт менен алектенүүнү жашооңуздун ажырагыс бөлүгү кылыңыз.

Өзүңүзгө жаккан спорт түрлөрүнүн тизмесин түзүңүз. Көңүлүңүзгө жаккан иш гана пайдалуу боло алат. Бирөөгө жүгүрүү сыяктуу оор спорт түрү жакса, башкаларына маанайды көтөргөн бий жагат.

Эсиңизде болсун, спорт менен машыгуу үчүн ашыкча каражат керек эмес. Фитнес клубка жазылу, жаңы кийим алуу-ашыкча чыгым. Жөн гана жүгүрүү, бийлөө, велосипед тебүү, аэробика менен эч чыгым коротпостон машыкса болот.

Көнүгүүлөрдү ар түрдүү кылыңыз. Мисалы, бүгүн теннис, эртең жүгүрүңүз, башка күнү жөнөкөй көнүгүүлөр менен алектениңиз.

Машыгуу убактысын тактап алыңыз. Үйдөгүлөр уйкудан турганга чейин эртең менен же жумуштан кийин кечинде машыгыңыз.

Чарчап турсаңыз да, машыгууну калтырбаңыз, себеби фитнес- сергек болуунун бирден-бир ыкмасы. Машыгуудан кийин маанайыңыз көтөрүлүп калат.

Машыгуу күндөлүгүн жүргүзүңүз. Кайсы убакта, канча, кандай машыгуу жасаганыңызды жазып туруңуз. Алардын натыйжаларында жазууну унутпаңыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу