СОЦФОНД КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАЗА БОЛГОН АДАМДЫН ОРДУНА ПЕНСИЯ АЛЫП ЖҮРҮШКӨН

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Социалдык фондунун кызматкерлери 3 жыл каза болгон адамдын пенсиясын алып жүрүшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер пенсионер адамдын өлүмүн билип туруп эле 2013-жылдын 1-июнунан 2016-жылдын 31-июлуна чейин анын банктагы эсебине пенсиясын которуп турушкан. Пенсиялык карточкадан ал каражатты белгисиз адамдар алып турушкан.

Мындан сырткары Социалдык фонддун кызматкерлери жыл сайын маркумдун пенсия көлөмүн жогорулатып турушкан.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөгө жөнөтүлдү.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу