Соцтармак: «Жээнбеков президент катарында чыккан алгачкы жыйында өзүн татыктуу көрсөттү»

Кыргызстандын жаӊы президенти Сооронбай Жээнбековдун алгачкы чыгышы ийгиликтүү болду. Мындай пикир менен социалдык тармактын колдонуучулары бөлүштү.

Эске салсак, буга чейин 30-ноябрда, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти катарында биринчи ирет Минсктеги ЖККУнун жыйынына катышты. Мамлекет башчынын жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев Сооронбай Жээнбеков менен болгон ийгиликтүү кадрларды жарыялады.

Иш сапардын аягында Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөлдү алып салууга көндүрдү.

Кыргызстанда эл кыргыз-казак чек арасындагы абалдын жөнгө салынышын күтүп жатты. Анткени кыргызстандыктар эки айдан ашуун убакыттан бери чек арадан өткөндө кыйынчылыктарды жашады.

Чек арадагы кырдаалдын чечилишине көӊүлү көтөрүлгөн интернет колдонуучулар жаӊы президентти мактап жатышат. Колдонуучуларга ал турсун саммитте Жээнбековдун кийген кийими жаккан.

Алардын айтымында, Жээнбеков жыйынга татыктуу кийинип барган. Интернет колдонуучулар «президентибиз биринчи сынактан өттү» деп жазышты.

Ошону менен бирге, «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов, Жээнбеков президентке ылайык кийинген деп мойнуна алды.

«Жээнбековдун костюму шалбырабай сонун жарашып, ал элеганттуу, келбеттүү болуп турду! Назарбаев менен болгон маек так, кыска-нуска жана өз деӊгээлинде болду! Чек ара маселесинин чечилиши урматты туудурду! Башталышы абдан идеалдуу! Аллах, ушул 6 жыл дагы бүлдүрүүчү эмес, азыркыдай жаратуучу ийгиликтүү жылдардан болушун насип этсин!»,-деп эсептейт жактоочу.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу