Соцсетте атасындай болгон түрктүн кучагындагы кыргыз кызынын сүрөтү кызуу талкууга түштү

Береги сүрөттү бүгүн ФБга жарыялашты. Болгону «Түрк чалдын кучагында рахаттанган
дагы бир кыргыз кызы» деп жазган. Башка маалымат жок. Чындап эле, эркек адам түрккө
окшоп турат. Кыз болсо кыргыздын эле кызы. Чынында мындай сүрөттөр кыргыз элине
жакпайт. Анткен менен көп эле кыргыз кыздары башка улуттардын кучагында калып, эрге
тийип жатышат. Мындай көрүнүш көкүрөктү эзгени менен, ал маселени чечкенге чама-
чаркыбыз жетпей жатпайбы. Бийлик кыргыз кыздарына тиешелүү катуу мыйзам чыгарса,
аны эл колдомок. Андыктан, айланайын кыргызымдын асыл кыздары, өз намысыңарды
сактап, кыргыз бойдон калгылачы. Бүгүн түрккө, же кытайга тийсеңер, бүрсүгүнү балаңар
кыргыз болбойт, ошол улуттун өкүлү болот. Силер да балаңардын, күйөөңөрдүн сөзүн
сүйлөп, кыргызга айласыздан дилиңер анча тартпай калат. Бул турмуш чындыгы.
Андыктан, патриот бололу. Эркектерди күнөөлөгөндөн мурун, өз намысыңарды ойлогула…

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу