Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев канча айлык маяна алат?

Социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев 23 миң сом айлык маяна аларын айтты. Бул тууралуу ал 19-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттын «бул сумма жетеби?» деген суроосуна М.Ирсалиев дагы кошумчалар бар экенин айтты.

«Социалдык фонддун адистери аймактарда 9 миң сом алышат, кызматкерлер 6 миң сомдон алышат. Алардын маянасын бул жылы 15-20%га көбөйтүү пландалууда, ал үчүн бюджеттен 19 млн сом каралууда», — деди ал.

Депутат коомдо чиновниктердин айлык маянасынын суммасына кызыгуу болгондуктан ушул суроону бергендигин билдирди.

«Айлык маянанын өлчөмүн сынга алгандардын арасында сиздин ордуңузду ээлегиси келгендер дагы бар», — деди депутат М.Ирсалиевге кайрылып жатып.

Депутаттын пикиринде жакшы айлык маяна болбосо коррупция менен күрөшүүгө болбойт.

Булак: Турмуш 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу