Сот Калиевдин жубайынын сатылып кеткен үйүн баалоого санкция берди

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин жубайынын сатылып кеткен үйүн баалоо үчүн көрүп чыгууга УКМКга санкция берди. Бул тууралуу Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Калиевдин жубайына таандык мүлк быйыл апрелде сатылган. Сентябрда атайын кызматтын өкүлдөрү сот чечиминин негизинде үйдү көрүп кетишкен. УКМКдан бул айтылгандарды тактоого мүмкүн боло элек.

Адвокат Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой шаардык сотко даттанып, жогорку инстанция 16-октябрда ал чечимди күчүндө калтырганы кабарланды.

Айбек Калиев Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) быйыл январда болгон аварияга жана аны модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. ЖЭБ боюнча жалпы төрт кылмыш иши козголуп, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, энергетика тармагындагы ишканалардын бир нече жетекчилери да “Коррупция” беренеси менен айыпталып, абакта отурушат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу