Сот Жантөрө Сатыбалдиевди камакта калтырды.


Бишкектин Биринчимай райондук соту экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасын карап, УКМКнын суроосун канааттандырды. Анда белгилүү болгондой, судья Мирлан Термечиков аткаминердин үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтыруу чечимин чыгарган.
Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев болсо сотко кирип бара жатканда ММК өкүлдөрүнө “күнөөсүн эч качан мойнуна албасын, бул козголгон кылмыш иши атайын ойлонулуп жасалган жалаа экенин” айткан.
Эске сала кетсек, ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча жемкорлукка айыпталып, “Коррупция” беренеси менен камакка алынган.

БУЛАК: govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу