Сот, Бишкектеги 33 чет элдик кайырчыны сыртка чыгаруу боюнча өкүм чыгарат

Акыркы мезгилде соо адамы деле, оору адамы деле кайыр сурап, Бишкектин көчөлөрүндө көбөйүп кеткени ырас. Айыркча, алардын арасында чет элдиктер, цыган, лөлөлөр да көп. Кыскасы, кайыр сурап, акча чоглутууну өзүнчө эле бизнеске айланытп алышкандар да бар. Эми милиция бул маселеге терең көңүл бура турган болду окшойт. Буга Бишкек милициясы шаар көчөлөрүнөн кайыр сураган 33 чет элдик жаранды кармаганын, алардын баары сот жообуна тартылганын айтсак жакшы далил болчудай. Сот чет элдик кайырчыларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча өкүм чыгарганы маалым болду. Милиция мындан ары кайырчыларды кармоо, аларды текшерүү боюнча да иш уланарын кошумчалады. Ошентсин, болбосо, кайырчылар шаарды каптап баратат…

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу