Сот Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 27-августта борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Аны Жогорку Сот күчүндө калтырган. Бул ирет дал ушул чечимди узартуу маселеси каралат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов «Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу