Сот — Аида Салянованын залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата сот өкүмүн угузуу алдында турат. Ал эми кечээ адвокат Рабига Садыкова жарыш сөзүн аяктабай калган жана бүгүн улантышы керек болчу. Бирок судья Ирина Воронцова сөздү ага эмес, Саляновага берди.

Салянова адвокатка жарыш сөзүн жыйынтыктоого уруксат берүүнү суранды. Бул үчүн судья депутат сотко баш ийбей койгонун айтып, залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Салянова чыкпай турганын билдиргенден кийин соттор кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.

Соттолуучу тарап алар өкүм чыгарууга камданып жатат деген пикирде.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Аида Салянованы юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган деп соттоп жатышат. Өзү муну саясий куугунтук деп атоодо.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Блгилей кетсек, бүгүн аида Салянованын сотуна чекит коюлмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу