Соттун “Өзүм билем” деп жооп бериши эч кандай мыйзам, укук сакталбай, бийлик саясый атаандашын төөбастыга алып жаткандыгын тастыктап койду

“Кылым соту” аталган “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин сотунда өткөн
жумада мыйзамга да, адамкерчиликке да жатпаган жагымсыз жагдай орун алды.
Баарыбыз байкоо жүргүзүп тургандай, Ө.Текебаев темир тордун артында отуруп деле
бийлик менен соттун айласын кетирип жатат. Алгачкы отурумда эле “Моралдык жеңиш
мен тарапта…”,- деп бийликтегилерге чабуул жасап, ал эми сөзүн орусча баштаган судья
Эрнис Айбек уулун “Сен өз элиң менен котормочу аркылуу сүйлөшөсүңбү?”,- деп жарга
такаган. Жүйөөлүү сөздү кабыл алып, сот процесси кыргызча өтүп жатышы бир гана
судьянын эмес, бүтүндөй бийликтин жеңилиши болуп саналат. Ал эми Маевский улам
сөзүнөн жаңылып, бирде Өмүрбекти “Алмаз” деп алышы жана акчаны бергенин
далилдей албай жатышы Текебаевге моралдык артыкчылыктарды жаратууда. Баарынан
да Текебаевдин түрмөдө жатып президенттикке талапкерлигин коюшу Ак үйдөгүлөрдүн
баардыгын эстен тандырууда. Себеби бийликтен көңүлү көк таштай калган карапайым эл
аны колдошууда. Эми талапкер катары расмий катталуу үчүн паспортун сураганда судья
Эрнис Айбек уулу али күнөөсү далилденип, соттоло элек жарандын Конституииялык
укугун бузуп, бербей койгону аз келгенсип “Өзүм билем”,- деп жооп бериши бизде эч
кандай мыйзам, укук сакталбай, бийлик саясый атаандашын жөн гана төөбастыга алып
жаткандыгын дагы бир ирет тастыктап койду.

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу