Соттор да соттолот

Коррупция менен адилетсиздик салтанат курган өлкөбүздөгү мындай анархиянын анабашы соттор экендиги бештен белгилүү. Анткени алар “акчалуунун сөзүн сүйлөп, акчасызды аңга сүрөгөндү” эң жакшы өздөштүрүшкөн. Бийликтин саясый буюртмасын аткарып, карапайым элди көзгө илбеген соттордун шиши толмок турсун, жарылгыдай эле болгон. Булар балким, курсагы тоюп, көп акча алса алкымы тыйылар деп, маянасы 100 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Кайдан, кайра алкымы ого бетер ачылып, ак менен каранын айырмасын унутуп, адилеттик жана калыстык деген сөздү унутуп коюшту.

Айтор, соттук процесс ачык эле биржага айланып, тоок уурдагандар тогуз жылга соттолуп, миллиондорду жеп, казынаны жеп куруткандар акталып кетиши жашыруун болбой калды. Бирок жаңы бийлик ушул өздөрүн Кудайдан кийин эле өкүм чыгаруучу катары сезип калган фемида өкүлдөрүнүн да тизгинин тарта баштады. Өткөндө президент өз аппаратынын сот тармагын көзөмөлдөгөн бөлүм башчысын кызматтан алып, жоопко тартса, дагы бир топ судьялар кызматынан алынды.

Бул жумада Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына жана бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Алар адамды камакта мыйзамсыз кармап турушкан деп айыпталууда. Кылмыш ишин иликтөө УКМК тарабынан жүргүзүлүүдө. Көрсө, кылмышка шектүү бир жарандын бөгөт чарасы туура эмес аныкталып, ошонун айынан анын конституциялык укугу бузулган экен. Ошентип Кыргызстандын Эгемендүүлүк доорундагы 27 жылда алгачкы ирет сотторго карата кылмыш иши козголуп отурат.

Булак: “Майдан.кg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу