Оролдук журналистке козголгон кылмыш иши жабылды

Сотко чейинки иликтөө органдары «Орол жумалыгы» басылмасынын башкы редактору Лукпан Ахмедьяровго карата козголгон кылмыш ишин жапты. «Адил сөз» уюму билдиргендей, журналисттин ишинде кылмыш курамы жок деген бүтүм чыгарылган.
Ахмедьяровго бийлик өкүлүнө акарат келтирүү боюнча айып тагылган.

Иликтөө иштери жергиликтүү полиция кызматкери жазган арызга байланыштуу 29-июлда башталган. Тартип сакчы редактор чакырган учурда келбей, аны телефондо сөккөнүн билдирген.

Оролдук журналист Лукпан Ахмедьяров «Орол жумалыгында» иштеп турганда бир нече жолу кол салууга дуушар болгон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу