“СОСНОВКА” АРКЫЛУУ ЖҮК ТАШЫГАН УНААЛАРДЫН ЖАРЫМЫ МЫЙЗАМ БУЗУШКАН

“Сосновка” көзөмөл өткөрүү пунктунун кызмат көрсөтүү борборунда 2017-жылдын башынан бери 31-майга чейин  жүк ташууларды эсепке алуу журналына күйүүчү май ташыган 5 миң 496 авто унаа жана башка жүк менен 4 миң 227 авто унаа катталган.

Ар кандай жүктөрдү ташыган унаалардын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 1 миң 991 чарба субъекттерине рейддик салык контролунун актысы түзүлүп, бул жалпы авто унаанын 47,1% түзгөн. Алардын ичинен патенти жок болгондугу үчүн – 1 миң 454 акт, патенти жок жана 4-топтогу мүлк салыгын төлөбөгөндүгү үчүн – 61, патенттин мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн – 7 жана башка бузуулар үчүн – 418 акты түзүлгөн.

Ошондой эле, 5 ай аралыгында аталган борбордо  33 салык төлөөчү катталып, 195 жеке ишкерге жалпы 1,1 млн сомго патент берилген.

Мындан тышкары, жыл башынан бери пломбасы жок жана күмөндүү коштомо кагаз менен 113 миң 702 литр күйүүчү май ташыган 3 авто унаа кармалып, рейддик салыктык контролдун актысы түзүлгөн.

Эскерте кетсек, “Сосновка” көзөмөл өткөрүү пунктунун Сервистик борбору 2016-жылдын 24-августунда расмий ачылган.

Сервистик борбордо ишкерлерди тейлөө боюнча (каттоо, патент берүү, отчетторду кабыл алуу) 3 терезе, ошондой эле, салык төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча бир терезе жана салык төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн төлөм терминалы күнү-түнү иштөөдө.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу