Сооронбай -Чыныбай чабышы…

Бийликтеги Социал-демократтар партиясы курултайын 26-июнга белгиледи. Бул күнү партия президенттикке талапкерин тактап, бекитиш керек.

Партиянын саясий кеңеши президент Атамбаевдин чечими менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин май айында көрсөткөн. Анда президенттин кеңешчиси болуп турган Фарид Ниязов президенттин талапкер тууралуу чечимин жарыялаган соң, саясий кеңештин мүчөлөрү үнсүз колдоого аргасыз болгон.

Партия атынан талапкер болууга чоң үмүттө турган партиянын башка белдүү өкүлдөрү ичтен тиштенип кала берген.

Андай талапкер болуу ниети барлардын бири,  Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп добуш берген эмес.  Бул ошол замат эле төраганын президенттик амбициясы тууралуу кабар берип, андан ары партия ичиндеги келишпестиктер, атаандашуулар, бөлүнүп-жарылуулар жөнүндө кептерге жем таштаган…

Азыркы кезге чейин партиянын курултайында эки талапкер көрсөтүлүп, анын бири Чыныбай Турсунбеков болот деген сөздөр токтобой жатат. Андай сөздөр  Жогорку Кеңеште, КСДП ичинде,  саясий чөйрө жана калк ичинде жүрүүдө…

Чыныбай Турсунбеков ал сөздөргө чек коюп, мен барбаймын, саясий кеңеш көрсөткөн талапкерди колдоймун деп айта элек. Демек, анын КСДПнын талапкери болуу дымагы ырасталууда.

Төраганын бул дымагы ага карата ар тараптан кысымдардын пайда болушуна алып жатканын Турсунбеков  жакын санаалаштарына шыбырап жатат…

Ал кысымдар бара-бара ачыкка чыгып баратат. Маселен, учурда импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгын (НДС) киргизип бергиле деп өкмөт мүчөлөрү  Жогорку Кеңеште депутаттарды  үгүттөп жүрөт. Расмий түрдө өкмөт аны бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу менен түшүндүрүүдө.

2015-жылы  импорт буудайга кошумча нарк салыгын алып салууну өкмөт демилгелеп, анда мындай чара жергиликтүү ун өндүрүшүн колдоо менен түшүндүрүлгөн эле. Ал кезде өкмөт башында Темир Сариев турган. Шайлоонун шайтан оюндары башталганга чейин азыркы өкмөт да импорт буудайга кошумча нарк салыгын киргизүү тууралуу үн каткан эмес..

Ошондуктан бүгүнкү күнү өкмөттүн  импорттук буудайга кошумча нарк салыгын киргизүү аракетин жана  өкмөт мүчөлөрүнүн депутаттарды үгүттөп жүрүшү Сооронбай менен Чыныбайдын чабышынын ачыкка чыгышы катары бааланууда.

Импорт буудайга кошумча нарк салыгын киргизүү жергиликтүү дыйкандарга пайдалуу. Бирок ири ун өндүрүшүнө-тегирменчилерге пайдалуу эмес.  Анткени импорттук буудайга кошумча нарк салыгынын кириши менен жергиликтүү тегирменчилер  атаандашта Казакстандагы кесиптештерине утулат.

Ошондуктан импорттук буудайга кошумча нарк салыгын киргизүү Чыныбай Турсунбеков, анын “Акун” компаниясына урулган сокку болот.

Чыныбай Турсунбековдун ун бизнесине урула турган сокку экинчи бир унпуруш талапкерге да тиет. Белгилүү болгондой “Өнүгүү” партиясынын лидери, президенттикке талапкер болорун билдирген Бакыт Төрөбаевге Жалал-Абадда ири тегирмендер таандык. Ал “Мариям” соода маркасында ун сатат.

Сооронбай Жээнбеков импорт буудайга кошумча нарк салыгын киргизүү менен Чыныбай Турсунбековду да, Бакыт Төрөбаевди да акыл-эске келтирип, демин түшүрүүнү көздөгөндөй…

Кирешеден ажырап, деми түшкөндөн кийин экөө Сокенин короосуна келүүгө тийиш. Идеалында…

 

P.S. Президент Атамбаев мураскер катары эмне үчүн Чыныбай Турсунбековду эмес, Сооронбай Жээнбековду тандап алды деген суроо туулат. Бул Жээнбековдун президентке жеке берилип, шек туудура турган кадамдарга барбаганында, анан, мурдатан пикирлеш, дос болуп келишинде керек.

Чыныбай Турсунбеков Атамбаевдин командасына ыңкылаптан кийин келип кошулду. Анан, анын Өмүрбек Текебаев менен жакындыгы бар…

Мына ушул жактарын эсепке алган Атамбаев Сооронбай Жээнбековго токтолуп, бирок партия ичинде түндүк-түштүк дартына чалдыккандардын үнсүз, көгөргөн каршылыктарына кабылып жаткандай….

Булак: Элньюс.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу