Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабанов боюнча оюн айтты

— Бабанов боюнча, ал өзү кетти. Жакшы билесиңер, ага менин убагымда кылмыш ачылган эмес. Анан, мен сотторго «кылмыш ачып кой же жаап кой»,-дей албайм. Соттордун ишине киришпейм, эгерде жогору жактан киришип жатат десе айткыла, мен карап берейин.
Азыр, соттун чечими жакшы чыкса, «Сооронбай Жээнбеков жакшы, соттун чечими жаман чыкса Жээнбеков жаман»,-деген туура эмес.
Бабанов саясаттан кеттим деген, ал өзү чечет. Президенттик мөөнөтүмдү аяктагандан кийин, барына тегиз, бирдей шарт түзүп берип кетем. Президенттиктен кеткенден кийин элдин арасында, эл катары жүргүм келет. Президенттиктен кеткендей кийин, келген президентке акыл да үйрөтпөйм, киришпейм»,-деди С.Жээнбеков.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу