Сооронбай Жээнбеков УКМКнын жетекчисинин орун басарын дайындады

Кадыркулов Идрис Анарбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун
коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды. Бул
тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык
Кадыркулов Идрис Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Кашка-Суу айылында 1971-жылы 4-
январда төрөлгөн. Ош шаардык жана Ош облустук улуттук коопзуздук кызматын жетектеген.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу