Сооронбай Жээнбеков Токтогулга барып, Ош — Бишкек жолунун абалын көрөт


Өкмөт башчы Токтогул шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун абалы менен таанышат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Токтогул районуна барып социалдык объектилер менен таанышып, Бишкек — Ош жолунун оңдолуп жаткан бөлүгүн көрөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал иш сапар учурунда эл менен жолугуп, электр энергиясын колдонуу маселелерин талкуулай турганы да айтылды.

Малымат кызматы өкмөт башчы бир нече айылдардагы мектептердин, маданият үйүнүн жана Токтогул шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун абалы менен таанышаарын кабарлады.

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу