Сооронбай Жээнбеков согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон берет

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады.

Буга президенттин резервдик фондунан 7 млн. 91 миң сом бөлүндү. Жөлөкпул ардагерлерге төмөнкү категориялар боюнча бөлүндү:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга;

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам катышканы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым.

Улуу Ата Мекендик согуш — Экинчи дүйнөлүк согуштун (1941–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Анда 160 миңден ашуун кыргызстандык жоокер курман болгон. Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражаты, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу