Сооронбай Жээнбеков мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырып жатып, «балдарым», «сиздер» деп кайрылды.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады.

Өлкө башчы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик, кең келечек каалады.

«Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздерди окууну ийгиликтүү аякташыңыздар менен куттуктайм. Сиздердей билимдүү жаштар барда өлкөбүзгө бакубат жашоо келет. Сиздерди көрүп кийинки бүтүрүүчүлөр да жакшы тарбия алат.

Мамлекеттик саясаттын негизгиси — сапаттуу билим берүү. Дүйнө өнүгүп жатат, ошол дүйнөгө биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Алдыга койгон максатка бир гана билим менен жетүүгө мүмкүн.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн башталганына 17 жыл болду. Бул тестирлөө билим берүү системиндеги эң ийгиликтүү жол, коррупциянын алдын алууга да көмөк болот. Мына сиздер 60 миң окуучунун ичинен жогорку ийгилик жаратып, келечекке чоң кадам таштадыңыздар.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, балдарым, сиздердин келечекте бийиктиктерди жетишиңиздерди каалайм», — деди өлкө башчысы Жээнбеков.

Куттуктоо сөзүнөн кийин ал мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды. Ошондой эле президент «Алтын сертификат» менен бирге акчалай сыйлык жана ноутбук белекке берди.
БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу