Сооронбай Жээнбеков мураскерликтен четтетилип, премьерликке Сапар Исаков, спикерликке Аалы Карашев таптала баштады

Президенттик кызматынын мөөнөтү бүтөрүнө 7 ай калганына карабай Алмаз Атамбаев бир мураскерге токтоло албай бушайман чегүүдө. Регионалдык балансты сактайм деп эски досу Сооронбай Жээнбековду мураскер кылууга бел байлап, премьер-министрликке дайындап, президенттикке таптап баштады эле анысынан майнап чыкчудай эмес. Эт менен челдин ортосунда жүргөн Сооронбай Жээнбековдун түштүктө да, түндүктө да массаны ээрчитип кете ала тургандай кадыр-баркы жок болуп чыкты. Кыскасы электораты жок. Мурдагыдай күчкө салып жок добушту бар деп жазып коюу азыр опурталдуу болчудай. Анын үстүнө бийликти күчкө салып алып берген күндө деле аны сактап калууга, бөтөн бирөөгө алдырып жибербөөгө Жээнбековдун кудурети жетеби? Андан сырткары Россия бир тууган Жээнбековдордун Катар, Сауди араб мамлекеттери менен тыгыз байланышын, тымызын кызматташууларын эске алып, алардын президенттикке мураскер болушун каалабай жаткандыгы да Атамбаевди жарга такаган. Ошондуктан акыркы учурларда ал мураскерликке Сапар Исаковду таптай баштаганы белгилүү болду.

 

1-февраль күнү Алмаз Атамбаев Сапар Исаковду президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кылып дайындады.

1-март күнү Алмаз Атамбаев Сапар Исаковду президенттик аппараттын жетекчиси кылып дайындады.

14-мартта Алмаз Атамбаев Сапар Исаковду Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына киргизүү боюнча указга кол коёт. Ошондон тарта президент же премьер-министр барууга тийиш болгон маанилүү расмий иш чараларга Сапар Исаков катыша баштады.

17-мартта Аксы окуясынын 15 жылдыгын белгилөөгө Аксыга Атамбаевдин ордуна Сапар Исаков барып, президенттин атынан сүйлөйт.

21-мартта Нооруз майрамын белгилөө боюнча мамлекеттик расмий салтанатка “Ала- Тоо” аянтына Атамбаевдин ордуна Сапар Исаков чыгып, президенттин атынан куттуктоо айтат.

29-мартта Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын орун басары В.А. Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды.

30-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков Улуттук онкология борборуна барды.

3-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси А. Бозжигитовду кабыл алды.

6-апрелде президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Кыргыз улуттук филармониясына барып, 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн Апрель революциясынын 7 жылдык мааракеси менен Апрель революциясынын катышуучуларын куттуктоого даярданып жатканда президенттин кеңешчиси Калык Султанов “Кантип ошондой болсун? 7-апрель революциясы Бакиевдик режимди кууп кетирсе, ал эми Сапар Исаков Бакиевдик режимдин белдүү кызматкери болсо, 7-апрель күнү Максим Бакиев менен бирге АКШда жүрсө, анан кантип бүгүн революционерлерди барып куттуктайт? Моралдык жагы кандай болот?” деп токтотконун кыргыз гезиттери жазып чыкты.

6-апрелде КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган “Таза коом” улуттук долбоорунун жыйыны уюштурулуп, ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылып, бирок Сооронбай Жээнбеков катыштырылбай, КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаковдун жетекчилиги алдында өтөт.

Алмаз Атамбаевдин акыркы пландары боюнча жакынкы аралыкта Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматынан алынып, ага КР Президенттик аппаратынын жетекчиси кызматы сунуш кылынат. Ал эми мураскер боло турган Сапар Исаков премьер- министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Регионалдык балансты сактоо максатында спикер Чыныбай Турсунбеков кызматынан кетирилип, анын ордуна парламенттин төрагасы болуп Аалы Карашев шайланат. Баса, Аалы Карашевдин энеси Кочкордон болгондуктан Кочкорлук Сапар Исаков ага таяке да болуп кетет.

Акыркы учурларда жеткен маалыматтар боюнча бул сөздөргө ишенбей жүргөн премьер- министр Сооронбай Жээнбековду президент Алмаз Атамбаев резиденцияга чакырып, абалды түшүндүрүп, ага КР президенттик аппаратынын жетекчиси кызматын сунуштап, президенттик шайлоого талапкердигин койбоону өтүнгөн. Президенттик кызматка ниеттенип калган Сооронбай Жээнбековдун маанайы түшүп, президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан баш тартып, “макул, мен президенттикке талапкердигими койбойм, бирок, Жээнбековдордун бирөөсү президенттик шайлоого катышат. Жээнбековдор президенттик кызмат үчүн күрөшөт” деп сумсайыптыр.

Сооронбай Жээнбековдун бир иниси Асылбек Жээнбеков экс-спикер, азыр парламентте КСДПдан депутат болуп олтурат. Агасы Жусуп Жээнбеков Кыргызстандын Катар араб мамлекетиндеги элчиси. Эксперттердин айтымында Россиянын жана Кыргызстандын атайын кызматтары бай араб мамлекеттеринен күзүндө Кыргызстандагы президенттик шайлоого чоң суммадагы акчалар келип, өлкөдөгү ситуацияны өзгөртүп жибербейби деп чочулашат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу