СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫЗМАТЫНАН КЕТЕТ, ОРДУНА КИМ КЕЛЕТ?

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматынан кетет. Буга ал президенттикке талапкер болгону себеп болмокчу.

Мыйзамга ылайык, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин КСДПнын съездинде колдошсо жана ал БШКдан талапкер катары каттоодон өтсө, анда кызматынан кетиши керек.

Ал эми өкмөт башчынын ордун биринчи вице-премьер убактылуу милдетин аткаруучу болуп калат.

Жогорку Кеңеш болсо жаңы өкмөт курамын түзүүсү зарыл.

БШКдан билдиришкендей, эгерде президенттикти шайлоо 15-октябрда болсо талапкерлерди шайлоо расмий түрдө 15-июнда башталат.

Ал эми КСДПнын съезди 19-июнда болору айтылууда.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу