Сооронбай Жээнбеков «коррупционерлер эл аралап баса албай калгандай болуш керек» деди

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрь — Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата атайын билдирүү жасады. Анда Кыргызстанда коррупция менен күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп белгилеп, акыркы бир жылда карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан бир топ иштер жасалганын айтты. Президент өз билдирүүсүндө бир топ тармактарда адам фактору жоюлганын, бизнеске кийлигишүү жана мыйзамсыз текшерүүлөр азайганын мисал кылды. «Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык. Мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек. Элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш» деген. Чындап эле чоң жылыштар бар. Буга ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш иштер далил. Баса, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн. Анда чогулган акчанын жалпы суммасы бүгүнкү күндө бир нече миллиондон ашты.

Булак: Мантыш 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу