Сооронбай Жээнбеков: “Карапайым адамдардын арасынан суу сугарып, мал багып чыккан адамын”

Бүгүн,15-июль күнү КСДП партиясы Бишкекте кезектеги курултайын өткөрдү. Күн
тартибине партиянын соңку жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана
премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып көрсөтүү
маселелери коюлган.

Курултайга жалпысынан болуп 680 адам катышты.
Трибунага чыгып сөз сүйлөгөн Сооронбай Жээнбеков
“Мен президент болсом кландык, жердешчилик, үй-
бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм.
Байлыктын эмес, элдин кулу болуп кызмат кылып
берем”- деди Жээнбеков. Мындан сырткары мен
кайсыл жерде кандай көйгөйлөр бар экенин жакшы
билем. Премьер-министр болуп бир жылдан ашык
убакыттан бери иштеп келе жатам. Бул убакытта мен
Кыргызстандын көптөгөн аймактарын кыдырып чыктым. Мен барбаган айыл өкмөт, мен билбеген
көйгөй баардык жерде жок болуш керек. Мен карапайым адамдардын арасынан суу сугарып, мал
багып чыккан адамын. Кыскасын айтканда мен даярмын”- деди президенттикке талапкер Сооронбай
Жээнбеков. Курултайдын аягында Республиканын ар бир облусунан келген 674 делегаттын баары
бир добуштан Жээнбековдун талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтүү чечимин кабыл
алышты.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу