Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Түркияга барды |

Бүгүн, премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Түркияга
барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Түркия
Республикасынын премьер-министри Бинали
Йылдырым менен эки тараптуу жолугушуусу өтөт.
Мындан сырткары Кыргызстандан барган делегация
мүчөлөрүнүн катышуусу менен тараптардын
кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү улантылат.
Бул жолугушууга Тышкы иштер министри Эрлан
Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Түркия
Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Маданият,
маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана Билим берүү жана илим министри Гульмира
Кудайбердиева катышат. Мындан сырткары алар Стамбул шаарындагы Манас» эпосунун
баатырынын айкелинин ачылыш аземине, «Манас» тууралуу китептин бет ачарына, кыска метраждуу
тасманын көрсөтүлүшүнө жана «Манас» эпосу жөнүндөгү театралдык иш чарага катышат.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу