Сокулукта жол куруудан эки миллион сомдой акча мыйзамсыз иштетилгени такталды

Чүй облусунун Сокулук айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жол курууга бөлүнгөн каражаттан 1 миллион 729 миң сомду өөнөп, мамлекеттик бюджетке зыян келтиришкени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Анда айтылгандай, аталган айыл өкмөт асфальтбетондук жана кум-шагыл аралашмасы менен жолдордун үстүн жаап, оңдоо кызмат көрсөтүүлөрүнө 2017-жылы тендер өткөргөн. Анын натыйжасында “К.К.” фирмасы менен 6 миллион 178 миң 600 сомго келишим түзүлгөн. Жергиликтүү бийликтин жооптуу кызматкерлери аткарылган иштерди кабыл алуу актысына жалган маалыматтарды жазып, ашыкча акча каражаттарын мыйзамсыз төлөп салышкан.

Аудитордук корутундуга ылайык жолдордун жабдылышын өлчөгөндө көбөйтүлүп көрсөтүлгөн аянт 1580 чарчы метрди, ал эми асфальтбетондук аралашманын калыңдыгы 4 сантиметр (аткарылган иштерди кабыл алуу актысы 10 см) түзгөн.

Факт боюнча Сокулук районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 315-беренеси (“кызматтык жасалмачылык”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу