Сокулуктагы заводдогу кытай жетекчи менен кыргыз жумушчулардын ортосундагы чыр эмнеден чыккан?

Сокулук районундагы «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКда болгон окуяны милиция иликтеп жатат. Буга чейин айрым маалымат булактарында Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКнын жетекчиси Чжо Дайсю мас абалда кыргыз жумушчуларды уруп-согуп, жаман сөздөр менен тилдеп, ичип жаткан тамактарын төгүп салган деген кабар пайда болгон.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, 27-июлда жетекчиге нааразы болгон жумушчулар аталган заводдун алдына чогулуп, директордун кечирим суроосун талап кылышты. Алар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугуп, окуянын чоо-жайын заводдун директору, жумушчулары менен бирге териштиришти.

Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысы Нурусланбек Боконбаев: «Мага эртеӊ менен заводдо ызы-чуу болуп жатат деп телефон чалышты. Башкы директор кыргыз жарандарын уруп-согуп, тамак-аштарын төгүп салыптыр дешти. Мен аябай ачууланып баргам. Окуянын чоо-жайын сурап, видеобайкоодогу тасманы талап кылдым. Аны көргөндөн кийин окуя биз ойлогондон башкача болуп чыкты. Тасманы өзүбүз эле көрбөстөн, нааразычылык билдирген жумушчуларга «Араӊардан 5 киши жибергиле, алар менен чогуу көрөлү» дедим. Тасманы биз менен бирге көргөн жумушчулар «Эч нерсе болгон эмес экен, биз туура эмес кылып жатыптырбыз» дешти. Андан соң заводдун алдындагы жумушчуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Окуя 26-июндан 27-июлга караган түнү саат 24:00дө болгон. «Ал жерге аталган заводдун башкы директору барган экен. Ошол учурда жумушчулар товар катары даярдалган кутучалардын (коробка) үстүнө тамак ичип отурушуптур. Буга чейин сатыкка чыгарыла турган товарлардын үстүнө тамак ичпегиле деп бир-эки жолу эскертүү берилиптир. Бул жолу да жумушчулардын товардын үстүнө тамак ичип жаткандыгын көргөн жетекчи цехтин башчысын чакырып урушкан экен. Ал цехтин башчысы да кытайдын жараны. Аны урушкандан кийин башкы директор кутучалардын үстүндөгү тамактарды чачып салган экен. Атайын тамак ичүүгө стол жасатып коюптур. Болгону жетекчи өзүнүн дунган улутундагы котормочусун түртүп жибериптир. Бирок ал «Эч кандай нааразычылыгым жок, мен өзүм күнөөлүмүн, кечигип келдим» деп айтты. Ал эми кыргыздардын бирин да урушкан эмес экен. Бирок директор «Спирт ичимдик ичкеним чын» деп, аны мойнуна алды.

Ушул жерден жыйырмадай бала өзү эле кеткиси келип жаткан окшойт. Завод кичине кармалып туруп калды. Жетекчиден «Кеткен чыгым кандай болот?» деп сурасак, «Мен эч кимди жумуштан кетирбейм, чыгымдарды өзүм төлөп берем» деди. Ага болбой жыйырмадай бала өзүбүз эле кетебиз деп, ошол жерден арыз жазып салышты. Мындан сырткары да эмгек келишим боюнча да сүйлөшөлү деп калышты. Аны болсо жай отуруп, шашпай чечишебиз. Учурда завод кайра толук кандуу иштей баштады», — деди ал.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Таалайбек Корголдоев: «Менин да чынында жиним келди. Биз өз жарандарыбыздын укугун коргоп, аларга нормалдуу шарт түзүп берип, сырттан келген инвестор менен да тыгыз, сый мамиледе иштешибиз керек да. Мындай окуя бизге да катуу тийди. Биз райондон тиешелүү жетекчилер чогулуп, баарыбыз бардык. Видеобайкоодон окуянын чоо-жайын өз көзүбүз менен көргөн соӊ, баары башкача болгондугуна ынандык. Бирок кыргыз жарандарынын ичип жаткан тамак-ашын төгүп салгандары чындык. Анткени, буга чейин «Кутучалардын үстүнө тамак ичпегиле, столго барып ичкиле» деп эскертүү берилиптир. Товарды май кылганын көрүп, тамак-ашты төгүп салган экен. А, бирок уруп-согуп, урушпаптыр. Ал директор өзүнүн кытай жумушчуларын гана түртүп, андан соң тилдеген экен. Ошого карабай директор менен сүйлөшүп, «Жумушчуларга мындай мамиле кылбагыла, бири-бирибизди сыйлайлы» деп эскертүү бердим», — деди ал.

Ал эми Эркин аттуу заводдун күзөтчүлөрүнүн башчысы буларга токтолду.
«Бул окуя сайттар жазып чыккан маалыматка дал келбейт. Директор цехтин башчысын (Кытай жараны) гана урушкан. Кыргыз жумушчулардын ичип жаткан тамагын төгүп салганы чын. Чынында керамика кутучанын үстүнө ичпеш керек эле», — деди ал.

Ал эми аталган заводдун жумушчусу Таалайкүл Жылчиева: «Биздин балдарды уруп-соккон жок. Алар кутучанын үстүнө тамак-аш коюп ичип жатышкан. Буга чейин эскертүү берилген. Тамакты төгүп жибергенде биздин балдардын ачуусу келип кетти окшойт. Чыр ушундан чыгып кетти. А, негизи заводдун директорунун жөнөкөй жумушчуларды урушуп, кагып же урганын буга чейин көргөн эмеспиз. Ал дайыма өзүнүн Кытай жараны болгон кызматкерлерди урушат», — деди ал.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 19 жана 27 жаштагы 2 тургуну арыз менен кайрылганын билдирди.

«Алар аталган заводдо иштешет. Эки тургундун берген арызынын негизинде токмоктоо фактысы катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы менен да кошумча маалымат болот», — деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, «Тянь-Шань Керамика» заводу бир суткасына 20 миң чарчы метр керамика чыгарууда. Долбоор боюнча заводдун кубаттуулугу 10 млн чарчы метр кафелди бир жылда чыгара алат. 2 линия ишке коюлуп, жалпы 40 миң чарчы метр кафелди суткасына чыгарууга мүмкүнчүлүктѳр түзүлүүдѳ. Азыркы учурда сыноо иретинде 2 түрдөгү — 20 см×30 см жана 30 см×30 см көлөмүндөгү плиталар чыгарылып жатат. Алдыда 400 кишиге жумуш ордун түзүп берүү планы бар. Азыркы учурда 250 убактылуу жумушчулар иштеп жатышат.

Булак: «Турмуш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу