Сойку кызды сүйөм…

Жашым 28 де. Сүйлөшкөм кызым менен урушуп, кеткен түнү сойку саткан питакка барып, кыз алдым. Болгон бугумду чыгардым. Мени менен түн өткөргөн кыз абдан зирек, сулуу экен. Бир аптадан соң сүйлөшкөн кызым менен жараштым, бирок баягы түн өткөргөн кызды такыр эле унунта албадым. Баягы питакка кайра бардым, ал жерде аны бир жигит сатып алып жатыптыр. Болгон кызганыч сезимим ойгонду, ичим аңтарылды. Ошол кезде сүйүп калганымды сездим.

Досторум менен жолугуп, алардан кеңеш сурадым. Баардыгы так секирип, сүүйүмдөн баш тартуумду суранышты. Алардын ою боюнча сойкулук менен акча тапкан кыз эч качан жакшы аял, эне боло албайт, деген аргументтерди айтышты. Унутууга мүмкүнбү? Эгерде азыр кол үзсөм кайрадан ушундай сүйүүгө кабыла аламбы? Же баарына каршы туруп, сүйүүм үчүн күрөшсөмбү? Кеңеш сурайм.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу