Сойку кызды сүйүп калган айылдык мырза…

Бардык тазалык айыл жеринде. Анткени шаарда эл көп, эл көп болгон жерде булганыч да болору турган иш. Айылдан биринчи жолу мал сатып шаарга келген Макын байке аскерге кетип бара жатып, шаарды бир көрүптүр. Ошол бойдон анын келгени ушул.

Ак үйдүн алдына келип сүрөткө түшүп, кадимкидей өзүн бактылуу сезди. Анткен менен ак үйдө кандай ыплас адамдар иштеп жатканын билет. Себеби, таза адамдар иштеген болсо эки жолу төңкөрүш болбойт эле го. Өлкөбүз жарды өлкөлөрдүн катарын толуктамак эмес. Теледен дайыма чоңдордун дарегине жагымсыз сөздөр айтылмак эмес. Канча баланын жаны ушул жерден кыйылганын теледен гана көрүп, ушул жерге келип көргүсү келген эле. Эми минтип жөн эле Дубайды кыдырып жүргөнсүп, шаардын борбору аталган Ала-Тоо аянтын эки сааттан ашык убакыт кыдырды.

Убакыт токтоп турбайт эмеспи. Кеч да кирди. Кечинде курулушта иштеген досуна жолугуп, экөө айтылуу Кулиев көчөсүндөгү денесин саткан кыздарга келишти. Ага дагы өзү себепкер болду. Ушунча келип “бир түлкү тиштебей кетемби” деп айтылгандай, кыздарга алып бар деген да өзү.

Макын өзү тандады, орто бойлуу, арыкчырай кызды. Анткени алган жары бирди төрөгөндөн кийин эле денеси жайылып толук аялдардын катарын толуктаган болучу.

Кызды арзан, саатына сатылган жатаканага алып келди. Кыз киргенде эле душка түшүп чыгуусун өтүндү, бул сунушту дароо аткарды. Анткени убакыт өтүп жатат да. Кыз дагы бир сыйра чайынып чыккандан кийин ишти башташты. Сойкулардын адаты эч нерсе боло электе эле акыштана беришет эмеспи. Анын минтип акыштанганы Макындын тим эле шаштысын абдан кетирди. Оюнда кыйратып жатам деп да ойлоду.

Бирок, улуу ишке сапар алганда алдыңда жаткан аял калп да болсо үн чыгарып, демге-дем берип койсо кандай жагымдуу. Жаш кыздын балыктай туйлаган кыймыл аракети, жалынычтуу чыккан үнү, ал дагы кучактап аракет кылганы Макынды өз чөлкөмүнө сүйрөп бара жатты. Ушул жерден аялын эстеди. Дайыма уйдай болуп жатып берген. Жок дегенде бул кыздай болуп үн чыгарып койсо жакшы эмеспи. Бир кыймыл жасабайт, канчалык түрткүлөсө да үн чыгарып койбойт, кудум дөңгөчтөй болуп.

Эх, аялдын ушундай дагы жанга жагымдуу назы бар беле. Макын биринчи рейисин бүткөн соң, жанында жаткан жаш кызды ушундай бир сугалактык менен карап:

-Сен мурда кайда жүрдүң эле, мага көрүнбөй. Сен, менин көзүмдү  ачпадыңбы!-деп ушундай бир берилүү менен айтты. Мына ушул эле “аял азыгырык” деген сөздүн анык экенин билигизип жатпайбы.

Бир саат ичинде үч жолуга жараган Макын денесин сатып иштеген Аделге сүйүүсүн арнап, аны менен үйлөнө турганын айтып изине кайтты.

Бирок, айылдан ошол бойдон кайра келген жок. Анткени оозунан жаңылып аялына шаардан кызга барганын билгизип алып, ичинен сызып, сойку кызга арнаган махабатынын азабын тартып жүргөн кези. Анткен менен эбин таап шаарга келгенге канчалык аракет кылганы менен ою ишке ашпай келет.

Болот Болоев

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу