Сойку кыздын арманы: «Баарына эми жеттим дегенде балага зар болуп калдым…»

Менин атым Диля, жашым 31де. Башымдан эки турмушту өткөрдүм. Жүрөгүмдүн түбүндө жаракат бар. Канча жыл өтсө да али айыга элек. Мындан 16 жыл мурун мени зордуктап кетишкен. Ал зөөкүрлөргө кошуна курбу кызым салып берген. Ата –энеме ыраазымын сотко берип, бул ишке тиешеси бар делген кылмышкерлерди карматып соттотушту.

Байкуш жакындарым аска-зоо болуп, аягына чейин туруп беришти. Курбу кызым Россияга качып кутулду. Күндөрдүн биринде Жалал-Абаддагы эски паркта тамеки чегип отурсам, жаныма кошуна эжекем бир аял менен келип, “кандайсын Диля кыз? Мен Бишкекке кетип жатам, түрктөрдүн кафесине официантка болуп, мени менен кетпейсиңби”- деди. Дүйнө тар болуп турган жаным, дароо эле макул болдум. Бишкекке мени менен 5 кызды алып келди. Баарыбыз бир үйгө келип жайгаштык.

Эртеси ойгонсом, бир үй толтура кыз. Кечке маал кыздардын баары боёнуп, кийине башташты. Кыздардын эң кичүүсү мен экенмин. Оозумду ачып, таң калып, отурсам, “сен эмне даярданбай отурасың ”- деп мага кыздардын бири суроо узатты. Мен да даярдандым. Ошентип, сойкулук жашоо башталды. 10 жылдык “карьерамда” таяк жедим, уруш уктум. Ар түрдүү эркектерди көрдүм. Анан итим чөп жеп, кызматымдан жогоруладым. Жөнөкөй сойкудан, сутенёрша болдум.

Бул кесипти аркалап жүрүп болочок жолдошум менен тааныштым. Ал менден кыз сатып алам деп келген, туруктуу кардар катары дос да болуп калдык. Күндөрдүн биринде жигитим мага турмушка чыгуу сунушун айтты. Мен ойлонуп, макулдугумду бердим. Ошентип, сойкулук менен кош айтыштым. Жанымдагы “мамочкалар”, “Ой көп болсо 5 ай жашайсың, анан кайра эле биздин арабызды толуктайсын” – деген сөздөрү мени кайра эч качан сойку жолуна кайтпастыгыма түрткү берди.

Ошентип, Таласка келин болдум, үй-тиричилигине быштым, бирок бири кем дүйнө демекчи, балалуу боло албадык. Үйдө отургандан жадап, жеке менчик ооруканага пол жуугуч болуп орноштум. Андан соң, ашпозчунун жардамчысы болуп ресторанда иштедим, иши кылып эл катары жашоо өз нугунда өтүп жатат. Азыр күйөөм экөөбүз эки башка жолго түшкөнгө аргасызбыз.

Себеби кайненем небере жытын жыттагысы келет. Ал мага “ баламдын башын бошотуп бер” деди. Азыр мен бала-бакчада нянька болуп эмгектенем. Тапканым өзүмө жетет. Сойкулук менен алек болуп жүрүп, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадым.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу