Согуш уланат. Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады

Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады.

Ирландиялык мушкер Конор Макрегор россиялык Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттеши тууралуу пикирин Instagram баракчасына жарыялады.

Сүрөттө Конор колунда виски куюлган бокалды кармап турганын көрүүгө болот.

«Кармашта утулдук, бирок мелдешти уттук. Согуш улана берет», — деп жазган мушкер.

Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Нурмагомедов беттештен кийин октагондон аттап түшүп, Конордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске атырылып, муштагылаган. Бул учурда октагондун ичиндеги Конорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен бир тууганы Абубакар кол салган.

Кийин Нурмагомедов Макгрегордун командасы анын динине, үй-бүлөсүнө жана мамлекетине асылгандыктан ушундай кадамга барганын түшүндүрдү.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу