СИРИЯГА КЫРГЫЗ АСКЕРЛЕРИН ЖӨНӨТҮҮ БОЮНЧА ТИМ ҮН КАТТЫ

Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон иш-сапары учурунда Сириядагы согушка кыргыз аскерлерин жөнөтүү тууралуу маселе талкууланган эмес. Бул тууралуу журналисттерге Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ошондой эле министр аймактык коопсуздук маселеси аймактык, эл аралык биримдиктердин алкагында талкууланып турарын кошумчалады.

“Бул маселе ЖККУнун алкагында Орусия тараптын демилгеси менен талкууланган. Кеңешмелер өткөрүлгөн. Бирок бул маселе башка көтөрүлгөн эмес”,-дей Абдылдаев.

Эске сала кетсек, Орусиянын ММКларында Орусия Казакстан менен Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазып чыгышкан.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу