Сирияга кетүүгө даярданып жаткан эки жаран кармалды

Бишкекте Сирияга кетүүгө даярданып жаткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу
УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн иш-чаралардын
негизинде Бишкекте 1966-жылы туулган Г.А. жана 1971-жылы
туулган С.С. кармалган. Кармалгандар террористтик иштерге
катыштыгы бар делип, издөөдө жүрүшкөн. Кыргызстанга жогору
тараптан берилген көрсөтмөлөрдү күтүү үчүн келишкен. Алар
Сирияга кетүүгө даярданып жүрүшкөн.Алардын жанынан КМШ
өлкөлөрүнө таандык жасалма паспорттор табылган. Азыркы
учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу