Сиз кетирген бул каталардан улам телефонуңуз жарактан эрте чыгат.


Бул каталардан улам телефонуңуз  жарактан  эрте чыгат.

Жаңы баскан баладан тартып 60,70 кырын  ашып калган карыялар смартфон көтөрүп калган заманда ага байланыштуу көйгөйлөр болбой  койбойт.Төмөндөгү каталарды кетирбесеңиз сиздин уюлдук телефонуңуздун жашоосу бир  топко узартат.

1.Эч качан өчүрүлбөгөн телефон

Телефонду жок дегенде жумасына бир жолу өчүрүп туруу зарыл.Мындан сырткары телефонду будильник катары колдонбоңуз бул жагдайда телефонуңуз сизге ырахматын айтат.

 

2.Wifi жана Bluetooth функциялары дайыма күйүк абалда

Ар бир функцияны  колдонуп бүткөндөн кийин дароо өчүрүңүз.Бул аккумулятордун кубатын сактап,телефон көпкө кызмат кылат.

 

3.Телефонду экстремалдуу аба-ырайында колдоносуз.

Бир да телефон экстремалдуу аба-ырайында иштей албайт.Телефонду мындай учурда иштетүү аккумуляторду  начарлатат.Суук же аябай ысык болуп жаткан маалда телефонуңузду чөнтөгүңүздөн же сумкаңыздан аябай керек мезгилде эле чыгарганга аракет кылыңыз.

 

4.Кубаттоо үчүн түнү боюу сайып коесуз

Телефонду 100% кубаттоо  аккумуляторго  өтө зыян.95%-96% болгон маалда гана суурганга аракет кылыңыз.

 

5.Телефонду тумтак өчүрүп кайра 100% кылып кубаттап аласыз.

Телефон 50-80% куббаталган мезгилде эң жакшы иштейт.

 

6.Сиз оригинал эмес кубатоочу каражат колдоносуз

Мындай күнөөнү баардыгы кетиришет өзгөчө айфон көтөргөндөр.Анткени алардын наушниги  жана кубатагычы  бат эле үзүлүп же  болбосо  жараксыз  болуп калат.

 

7.Эч качан телефонуңузду тазалабайсыз

Изилдөөлөргө таянсак телефондо унитаздын капкагына  караганда  көбүрөөк бактерия жашайт экен.Телефонду атайын чүпүрөктөр менен тазалоого болот,алар ультрафиолеттик бактерияларды дагы жок кылат.

 

8.Телефонду эч кандай сыр сөз жана сандар менен коргобойсуз

Кандай гана болбосун дайыма сыр сөз  коюуп жүрүңүз ошондой  абалда гана сиз телефонуңуздагы маалыматтарды сактай аласыз.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу