Сиз билесизби? Жазасы күчтүү өлкөлөр…

Сиз билесизби?
Жазасы күчтүү өлкөлөр…
Алдыда кандайдыр бир туура эмес иш үчүн жаза алуу бул абак экени маалым. Алдыда абактан да катуу жаза каралган өлкөлөрдү карап өттүк.

Кытайда көңүлдөш күткөн аткаминерлерди атууга кетет
Кытай элинин санынын көптүгү, экономикасынын байлыгы жагынан, ойлоп тапкычтыгы жагынан гана эмес аткаминерлерди опузалоо жагынан да алдына киши салдырбайт. 2000-жылы өлкөдө Коррупцияга каршы компания түптөлгөндөн тарта Кытайдын соттору 10миңден ашуун чиновникти атууга буйрук чыгарган жана 120 миңден ашуун чиновникти 10жылдан 20жылга чейин темир тор артына жиберген. Хубей шаарынын мэри жүздөн ашык көңүлдөш күтүп аларга үй сатып берип камсыздаган үчүн өлүм жазасына тартылган. Азыркы күндө кытайлык мугалимдер, врачтар ал тургай дүкөнчүлөр да жөн гана белек алуудан коркушат. Себеби аларда кечирип коюу деген нерсе жок дароо өлүм жазасына тартылышат же өмүр бою эркинен ажырашат. Өлүм жазасына кеткен кытайлык аткаминерлердин өлүм жазасы телевизордон түз эфир аркылуу элге көрсөтүлөт.

Өзбекстандын аткаминерлери гана эмес артисттери да жоопко тартылат
Ал эми коңшулаш өзбек элинде мыйзам абдан күчтүү иштери көпчүлүккө маалым. Чиновниктен тартып катардагы жарандар үчүн да жаза абдан катуу. Өзбек элинин ар бир жаранынын уюлдук телефону тыңшоого алынган. Кимде-ким өлкөнүн президенти тууралуу терс пикир айтса ал ошол замат камакка алынат. Ал эми өлкөдөгү аттуу-баштуу чиновниктер коррупция кылды деп шектелсе ал эч кандай суроо-сопкуту жок камакка алынат. Эркиндик менен коштошкон чиновниктер үчүн Ташкент шаарынын Юнус-абад районунда 150 кишилик 3-кабаттуу түрмө курулган. Мунун себебин алар мамлекеттик кызматта жүргөн адамдар мамлекеттик сырларды башкаларга таратып жибербеш үчүн аларды атайын өзүнчө бөлүп кармоону туура деп чечишкендери менен түшундүрүлөт.

Коңшу казак элинде ушак айткан чиновник 12 жылга эркинен ажыратылат
Казакстанда да мыйзам темирдей күчтүү. Жөнөкөй эле мисал эгерде мамлекеттик кызматкер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кайсы бир ишти чечүүдө өзү гана эмес анын кол алдында иштеген кызматкерлер ката кетирсе да ошол чиновник жоопко тартылат. Эгерде кайсы бир чиновник ушак айтып же жумуш убагында интернетте отурса 12 жылга эркинен ажыратыла турганын президент Н.Назарбаев өзү айтып чыккан. Ал өз сөзүндө: “Мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлер жумуш учурунда ар кайсы сайттарда сүйлөшүп отурушат, эмне жөнүндө ушакташып отургандарын эч ким билбейт. Биз бул нерсенин алдын алып аларды көзөмөлгө алууга техникалык жактан камсыздандырылганбыз. Андыктан аларды кармап жумуштан алып ыргытып жоопко тартуу керек”,-деген. Бул боюнча мыйзам иштелип чыгып талапка ылайык ушак айткан чиновниктер 12 жылга эркинен ажыратылуусу каралган. Кошумчалай кетчү нерсе 2015-жылдын 1-январынан тарта казак жеринде көчөдө жүргөн сойкуларды, төлгөчүлөрдү жана кайырчыларды да дароо темир тор артына кетирүү мыйзамы күчүнө кирген.

Араб өлкөсүндө бардык жарандар үчүн жаза бирдей
Атагы алыска кеткен Араб өлкөсүндө чиновникпи же карапайым адамбы баары бирдей жаза алышат. Күнөөлүү деп табылган адамды борбордук аянтка алып чыгып түшкү намаздан кийин миңдеген адамдардын көз алдында таш бараңга алат же башы кыйылат. Эгерде кылмышкер деп эсептелген адамдын кылмышы оор деп табылса башы алынган соң кайрадан атылат. Бирок көпчүлүк учурда чиновниктерди элдин алдында эмес жабык жерде башын алышат. 1995-жылы 192 адамдын башы алынса, 2002-жылы 47 адам жазага тартылган. Алардын экөө аял кишилер болгон. Ал эми 2015-жылы 157 адам таш бараңга алынып, башы кыйылган. Белгилей кетчү нерсе Сауд Аравиясы аталган жол менен жоопко тарткан өлкөлөрдүн ондугунда 2-орунда турат. Мындай жазалоо Аравияда көп жылдан бери колдонулуп келет.

Россияда
Кезинде Сибирдин губернатору М.Гагарин Петр 1дин буйругу менен асылган. Ал асылып өлтүрүлгөн соң сөөгүн жерге бербей коррупцияга аралашкан деген күмөнү бар чиновниктерге жиберилип туура 3 жыл “гастролдоп” жүргөн. Ошол эле губернаторду өлүм жазасына буйруган Гагарин өзү да дал ушундай кыйноо менен өлүм жазасына тартылган. Аны камчы менен сабап жараатына туз сээп, от менен куйкалап кыйнашкан. Андан соң, оң колдорун, буттарын жулуп аягында башын кесип кыйнап өлтүрүшкөн.

Диана Айдарова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу