Сиз бай боло аласызбы?

Албетте байлыкты ар ким ар кандай элестетет. Төмөнкү суроолорго ачык, чын жоопторду берсеңиз,өзүңүздүн келечектеги материалдык абалыңыз тууралуу маалымат ала аласыз.

 

1.    Айланаңыздагы адамдарга салыштырмалуу кандай иштейсиз?

А) башкалар канча иштесе ошондой эле

Б) башкалардан азыраак

В) башкалардан көбүрөөк

Г) көп иштөө мага мүнөздүү эмес

 

2.    Ай сайын тапкан акчаңыздын кайсы бир бөлүгүн чогултасызбы?

А) чогултмак түгүл айлык алганга чейин элдин баарына карыз болуп калам

Б) ай сайын сөзсүз түрдө бөлүп коюп чогултам

В) кээде, ашып калса эле

Г) чогултууга мүмкүнчүлүк дээрлик болбойт

 

3.    Эгерде миллион сом таап алсаңыз эмнеге жумшамак элеңиз?

А) үй же машина, кымбат кийимдерди сатып алмакмын

Б) үстөк кошулсун деп банкка сактап коймокмун

В) бизнес ачмакмын

Г) каалашымча чачып чардамакмын

 

4.    Төмөнкү варианттардын кайсынысы сизди бай кылышы мүмкүн?

А) тынымсыз эмгектенүү

Б) ири алдамчылык

В) эсеп үчүн түзүлгөн нике

Г) казинодогу утуш

 

5.    Баштаган ишиңизди аягына чыгарасызбы?

А) дайыма

Б) кээде

В) айрым гана учурда

Г) көбүнчө

 

6.    Алдыңызга кандайдыр бир максат коюп, ошого жетүүгө умтуласызбы?

А) кээде гана

Б) дайыма, так максат коюп, ошого жетмейинче жаным жай албайт

В) негизинен, ооба

Г) мындай кылуу мен үчүн татаалдай сезилет

 

7.    Сиз баштаган иштен туугандарыңыз айнытууга аракет жасашса:

А) аларга бат эле көнүп, баарын таштап салам

Б) эч кимдин сөзүн укпай, ойлогонумду иш жүзүнө ашырууга аракет жасайм

В) ишимди уланта берем, бирок алар айткандай чын эле болбой калсачы деген күмөн ойдон арылбайм

Г) баары жакшы болоруна ишенем, бирок эч нерсе жасабай коём

 

8.    Эч ким жашабаган аралда сизге бир жыл жашоого туура келсе…

А) айласыздыктан келесоо болуп калмакмын

Б) бекерчиликтен жинди болуп кетмекмин

В) өзүмдү колго алып, бир жылды эптеп өткөрмөкмүн

Г) бир чети убакытты өткөрүү үчүн, экинчиден, өзүмө ыңгайлуулук түзүү үчүн үй жасамакмын

 

9.    Сиздин бай эместигиңиз тууралуу кандай ойлойсуз?

А) бул убактылуу эле көрүнүш, бара-бара баары жакшы болот

Б) мен өмүр бою ушундай жашоодо жашап өтөм

В) эгер баары менин колумда болсо, алда качан эле байымакмын

Г) тагдыр бешенеге эмнени жазса, ошондой болот

 

10.  Акчаны болбогон нерсеге жумшап коюп, кийин өкүнгөн учурларыңыз болобу?

А) тез-тез болуп турат

Б) кээде болуп калат

В) дээрлик болбойт

Д) дайыма болот

 

11.  Келечегиңизди пландаштырасызбы?

А) дайыма

Б) эч качан

В) кээде

Г) эмне кереги бар?

 

12.  Биринчи эле бизнесиңиз күйүп кетсе:

А) көп убакытка чейин депрессияга түшүп кетмекмин

Б) кайра баштагандан коркуп, ошол бойдон таштап салмакмын

В) тобокел кылып жаңысын баштамакмын

Г) башымды оорутпай башкалардын кол алдына жумушка кирмекмин

 

13.  Төмөнкү аныктамалардын кайсынысына кошуласыз?

А) акча адамды бузат

Б) өтө чоң байлык адамды бузат

В) бул ар адамдын өзүнө байланыштуу болот

Г) канчалык жакшы адам болсо да, байлыкка ээ болгондо баары бир өзгөрөт

 

14.  Жашооңузда кандайдыр бир маселе жаралганда эмне кыласыз?

А) дароо чечем

Б) эч кандай аракет кылбайм, өзү чечилип калышын күтөм

В) депрессияга түшүп кетем

Г) өзүмдүн жеке маселеме аралаштырып айланамдагы адамдарды да депрессияга чейин жеткирем

 

15.  Бай болуу үчүн кандайдыр бир идеяларыңыз барбы?

А) азырынча жок

Б) бир эмес, бир нече идеям бар

В) бул абалымда кайдагы идея, күнүмдүк жашоо менен жашап жатам

Г) акча болгондо идея пайда болот

1. а — 3 б — 2 в — 4 г — 1;
2. а — 1 б — 4 в — 3 г — 2;

3. а — 1 б — 2 в — 4 г — 1;
4. а — 4 б — 1 в — 1 г — 1;
5. а — 4 б — 2 в — 1 г — 3;
6. а — 1 б — 4 в — 3 г — 1;

7. а — 1 б — 4 в — 2 г — 1;
8. а — 1 б — 1 в — 2 г — 4;

9. а — 4 б — 1 в — 1 г — 1;
10. а — 2 б — 3 в — 4 г — 1;

11. а — 4 б — 1 в — 2 г — 1;
12. а — 1 б — 1 в — 4 г — 1;

13. а — 1 б — 1 в — 4 г — 1;
14. а — 4 б — 1 в — 1 г — 1;
15. а — 1 б — 4 в — 1 г — 1;

0-20 упай. Өкүнүчтүү, бул жашоодо сиздин кайсы тарапка багыт алганыңыз белгисиз. Байлыкка, өнүгүүгө болгон умтулуу сизде жок. Акча тууралуу мээңизге сиңип калган туура эмес түшүнүктөн улам кедейчиликтин туткунунан чыга албайсыз. Эгерде жашоого болгон оюңузду өзгөртпөсөңүз, өзүңүздү өнүктүрбөсөңүз, келечекте ишенген каражат булагыңыз пенсияңыз болуп калат.

20-50 упай. Жашоодо көп нерсе өзүңүздөн көз каранды экенин жакшы түшүнөсүз. Бай болууга каалооңуз бар, ага жетүү үчүн аракет кылып, эмгектенгендей эле болуп жатасыз. Бирок баары бир бир нерсе жетишпейт, атүгүл бир нерсе тоскоол боло берет. Тоскоол болгон нерсе – кедейчиликтин жана байлыкка умтулуунун эки отургучуна бирдей отуруп алгансыз. Кеч боло электе байлыкка умтулуунун отургучуна өтүп, аракет кылыңыз.

50 жана андан көп упай. Бул жашоодо ушул убакка чейинки жетишкендиктериңиз, келечектен ала турган нерселериңиз — бул өзүңүздүн тандооңуздун жана аракетиңиздин жыйынтыгы экенин жакшы билесиз. Сиз өзүңүздүн жашооңузду өз колуңуз менен башкарасыз. Эч кимдин ою сизди кыялдарыңызды ишке ашыруу үчүн бара жаткан жолуңуздан адаштыра албайт.

 

Ийгиликтүү адамдардын күн сайын жасап жүргөн адаттары

Бай адамдар банктардагы эсептеринен тышкары кедей адамдардан эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз? Ийгиликтин негизги факторлорунун бири болуп адамдар жасап жүргөн адаттар эсептелинет. Көрсө, ал адаттар ээсине кирешесинин көбөйүп, жашоосунун сапатын жогорулатканга жардам берет экен.

1.    Бай адамдар дайыма максаттары тууралуу ойлонуп жүрүшөт

Байлар – 62%

Кедейлер — 6%

Ийгиликтүү адамдар өздөрүнүн алдына жылдык же айлык максаттарды жөн эле коюп койбой, аны жазып коюшат.

2.    Алар бүгүн эмне кылыш керек экендигин билишет

Байлар – 81%

Кедейлер – 19%

Бай адамдар бир күндүк кыла турган ишинин тизмесин түзүп коюшат. Жумага, күнгө, саатка, атүгүл мүнөтүнө чейин. Бул убактысын текке кетирбөөгө жана кыла турган иштерин унутуп калбоого жардам берет. Анан да жөн гана жазып койбой, ошол пландалган иштеринин 70 пайыздан көбүн ишке ашырышат.

 

3.    Алар телевизор көрүшпөйт

Байлар – 67%

Кедейлер – 23%

Телевизордон ар кандай реалити-шоуларды көргөндөр бай адамдардын арасында өтө эле аз пайызды түзөт. Ал эми кедей адамдардын бүтүндөй 77%ы мындай программаларды көрүшөт экен. Анткени бай адамдар убактысын эч качан текке кетиришпейт.

4.    Алар китеп окушат

Байлар – 86%

Кедейлер – 26%

Ийгиликтүү адамдар китеп окуганды жактырышат, бирок алар илимий адабиятты тандашат, мисалы, өзүн өнүктүрүү боюнча китептерди. Алар жок дегенде күнүнө жарым сааттан китеп окууну айныгыс адатына айлантышкан.

5.    Аудиокитептерди да угушат

Байлар – 63%

Кедейлер – 5%

Алар жумушка кетип бараткандагы убакытты да текке кетиргилери келишпейт. Аны пайдалуу өткөрүш үчүн аудиокитептерди угуп барышат.

6.    Байлар кокустан келчү ийгиликке ишенишпейт

Байлар – 94%

Кедейлер – 23%

Ар бир адамдын ийгилиги өзүнүн жумшаган аракетинен көз каранды. Биринчи кезекте адам өзүнүн күчүнө ишенүүгө тийиш. Муну байлар жакшы түшүнүшөт. Ал эми кедей адамдар көбүнчө кокусунан келчү ийгиликтен: азарттык оюндардагы утуштан, чоң атасынан калган мүлктөн үмүт кылышат.

7.    Алар ден соолугун көзөмөлдөшөт

Байлар – 57 %

Кедейлер – 5%

Ийгиликтүү адамдар өздөрүнүн ден соолугун баалашат. Алар кабыл алган тамактарынын сапатын жана өлчөмүн көзөмөлдөшөт. Анткени ашыкча салмактан жабыркоодон чочулашат. Ушуга байланыштуу спорт да алардын жашоосунунун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелинет.

Нурзат КАБЫЛЖАН кызы

Булак: lady.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу