Сизди таарынткан адамды кантип кечирүүгө болот?

Адам өзү бактылуу болгусу келген кезде гана бактылуу боло алат. Ал эми жүрөгүңүздө таарыныч болсо бактылуу болуу мүмкүн эмес. Анын дарысы кечирүү. Кечирүү ичтеги оорчулукту, муңду, таарынычты бошотуп жиберет. Анын ыкмасын сунуштамакчыбыз:

1. Ар дайым негативде болсоңуз алдыга карай жүрө албайсыз. Бул сизге эч кандай пайда алып келбейт.

2. Негативдүү эмоциялар ар бир адамды ээлеп алышы мүмкүн. Себеби биз барыбыз катачылык жасайбыз, бирөөнү таарынтабыз. Бул өмүр. Ошондуктан өмүрдү кандай болсо ошондой кабыл алуу керек.

3. Сиздин катачылыктарыңыз үчүн башкалардын өзүңүздү кечиргенин каалайсызбы? Каалайсыз. Сиз да катачылык кетиресиз. Бирөө сизди кечиргенде, сиз кандай башканы кечире албайсыз?

4. Ачуулануу — зыян. Кек сиздин убайымыңызды күчөтөт. Өтүп кеткен таарынычты бошотуп, азыркы учурдун сулуулугун көрүңүз.

5. Жүрөгүңүздө таарынычты сактап жүрүү аркылуу сиз жеке өмүрүңүздү кирдете бересиз. Бул сизге таптакыр керек эмес.

6. Катуу ачууланганда дем алууну унутпаңыз. Бул сизди сокур кылат. Кандай оор таарыныч болсо да аны бошотуу аркылуу сиз жалаң гана өзүңүзгө жакшылык жасайсыз.

7.Бизге бирөөнүн жаман касиети жакпаган сайын, биз аны өз өмүрүбүзгө тарта беребиз. Бул тартылуу закону.

8. Биз бирөөнү кечирген кезде тартылуу закону менен кечирүү касиети адамдан адамга берилет.

9. Адамдардын эсинде таарынчак адам болуп калгыңыз келеби? Эгер андай калгыңыз келбесе кечириңиз.

10. Канча жерден таарынсак да биз ичибизде мээримди сактап калабыз. Ушуга ишениңиз.

11. Сиз өз бактыңызга жооптуу жалгыз адамсыз. Өмүрүңүздү таарынычка арнайсызбы? Же болбосо бакытка бөлөнөсүзбү? Муну сиз гана чечесиз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу