Сиздин көңүлүңүздү ооруткан адамды кантип кечирсе болот?

Адам качан өзүн бактылуу сезгенде гана бактылуу боло алат. Эгерде жүрөгүңүздү өйүткөн бир маселе болсо, анда бактылуу болуш кыйын. Сиздин көңүлүңүздү ооруткан адамды кандай кечирсе болот?

1.Эгерде сизди бирөө капалантса, аны жаман көрүп сиз эч кандай пайда таба албайсыз.

2.Терс эмоциялар ар бир эле адамда болот. Анткени биз баарыбыз ката кетиребиз. Муну жашоо деп коёт. Жашоону бизге берген сабактарынан мисал алуубуз керек.

3.Сиздин жасаган катачылыгыңыз үчүн, башкалардын кечирүүсүн каалабайсызбы? Албетте каалайсыз. Сиз дагы катачылык жасагансыз.

4.Ачуулануу-зыян. Кек сактоо сиздин кыжаалаткандыгыңызды арттырат. Өткөндү унутуп, азыркы менен жашаңыз.

5.Адамдардын арасында таарынчаак атка конгуңуз келбейби? Эгерде сиз мындай болууну каалабасаңыз кечиримдүү болууну үйрөнүңүз.

6.Биз канчалык таарынбайлы, баары бир ичибиздеги мээримди сактап калабыз.

7.Сиз бактылуу болууга жооп ала турган өзүңүзсүз. Жашоодо таарынып өтүүнү же бактылуу болууну каалайсызбы, бул сиздин тандооңуз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу