Сизге үчүнчү аял болуп тийүүгө даярмын…

Урматтуу Чубак ажы, интернетке чыгарган видеолоруңузду дайыма көрөм. Өтө акылман, сөзмөр жана мээримдүү инсансыз. Насааттарыңызды уга берип, сизге карата сезимдерим ойгонуп, жактырып калдым.

Жашым 28де. Бир жогорку окуу жайында мугалим болуп эмгектенем. Илим деп жүрүп, турмуш курууга убагым да өтүп баратат окшойт. Менде баардык жагы жетиштүү, тилекке каршы, көңүлгө толгон жигитти кезиктире албадым… Сиз түшүмө көп кирчү болдуңуз. Эгер макул болсоңуз, үчүнчү жубайыңыз болууга деле даярмын.

«Чубак ажыдай акылы тунук балдарды төрөсөм» деп кыялданам. Эмнеге гезитке ачык жазып атам? Себеби, ичимдеги бугумду чыгарып, сизге үнүмдү жеткизүү үчүн. Менин жан дүйнөмдү түшүнөсүз го (!) деп ойлойм. Ал эми сизге жагамбы? Албетте, өзүмө ишенем. Алдын ала ой таштадым, даяр боло берсеңиз… Сизге жолугууга мен дагы ашыгып жүрөм…

Мээрим, илимдин кандидаты

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу