Сепкилден кантип кутулса болот?

Славян калкы менен Латын Американын тургундары үчүн сепкил сулуулуктун белгиси болсо, биздин эл үчүн тескерисинче. Сепкил бетке чыга баштаганда кыз-келиндер беттеги табигый такты жашыруу үчүн түрдүү упа, кремдерди сүйкөп тазалашат.

Косметолог-адистер сепкилдин ар мезгилде кайталанып чыгып турган өзгөчөлүгүнө таянып, анын пайда болуусун алдын алуучу же өз өлчөмдө чыгуусун, түстүн анча канык болбошун камсыз кылган бир аз ыкмаларды топтоштурушкан. Өзгөчө, адистер февраль айынын башынан баштап күнүмдүк тамак-ашыбызга С витаминине бай азыктарды пайдаланууга кеңеш берип турушат. Сепкил бетте өтө көбөйүп кетпеш үчүн алдын ала айла амалдарды жасаганыңыз оң.

Ал үчүн:

— Каакым гүлүнүн кайнатмасы, майдаланган хрен өсүмдүгү, уюган сүт менен майда бадамдан жасалган маска жардам берет;

— Бетиңиздин бир аз бөлүгүн жаап турган күн көзүнөн сактаган көз айнек менен күндөн коргоочу баш кийим кийип жүрүңүз;

— Сепкилдин тагын байкатпоо үчүн бетти ачыган айран менен сүрткөн пайдалуу;

— Күнүмдүк тамактануу рационуңузга С жана РР витаминдери көп кездешкен азыктарды кошуңуз. Өзгөчө жашылча жемиш көбүрөк жегенге аракет кылыңыз;

— Эгер күн өтө ысык болсо, караңгы киргенде имараттын ичинен мүмкүн болушунча чыкпаганга тырышыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу