Сепкилден кантип арылса болот?

Күнгө дуушар болгондон жана генетикалык себептерге байланыштуу жүзүбүздө жана ийин тараптарда сепкилдер пайда болот. Анын бара-бара өңүнүн күңүрт болуп, же ачык болуп өзгөрүшү мүмкүн.

Беттеги сепкилдерден арылуунун бирден-бир оңой жолу лазердик ыкмаларды колдонуу болуп саналат. Башкача айтканда, жүзүңүзгө лазердик ыкманы колдонуп, сепкилдерден арылууга болот. Адистердин айтымында бул сизге кепилдик бере турган ыкманын түрүнө кирмекчи. Өзгөчө аны жай жана кышкы учурда жасаган ыңгайлуу.

Сепкилден арылуунун дагы бир жолу, такка каршы кремдерди колдонуу болуп саналат. Дарыканаларда тактарды кетирүүгө арналган кремдерди колдонууда, дерматологдун кеңеши сизге ашыкча кылбас.

Сепкилге каршы маскалар

Ал үчүн бир аш кашык йогуртка, бир чай кашык карбонат кошуп жакшылап аралаштырып, бир саамга коюп коюңуз. Андан соң сепкил болгон жериңизге сүйкөп, он беш мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салуу кажет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу