Сен беттырмарлык кылбай, акчаны кайтар!

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов дегендин бир адамкерчиликсиз ишин жазсак, «гезиттерге чыккан материалдын баары заказ менен жазылган» деген экен. Мындай келесоо ойго, соо жооп берип коюуга туура келип жатат.

Ошол элди эл деп ойлобой кайдагы бир мыйзам чыгарып алып 5 миллионго чукул акчаны менчиктеп алган Абдыгулов «балакай» деген неме, сен ук!

Мен деген сен энеңдин көчүгүнөн түшө электе, чыгармачылыкка аралаша баштагам. Билбей, байкабай ката кетирбесем, билип туруп жаман ишке баскан эмесмин, мына кырк жылга чукул чындыкты гана жазып келем. Кайсы бийлик болбосун, менин оюмча, алардын кетирген кемчиликтерин жазып келем. Анан сенин кылган итчилик кылыгыңды жазбай коё албадым, дагы да жазам. Мээ менен ойлон, сага алган кредитиңдин 4 миллион 800 миң сомун кечип жатпайбы. Ал деген элдин акчасы, менин акчам дагы. Анан андай айбандыкты көрүп туруп жазбай коё албайм да! «Заказ менен жазды» дегениң жеген акчаңды актай албай турганың деп билем. Деле балекеттин баарын айтсаң да сенден кечирилген миллиондогон сом сени актай албайт. Андан көрө, алган акчаңды кайтарып бер. Ансыз деле алган айлыгың, сыйлык катары алган акчаларыңды кошкондо асмандын башы эмеспи, эптеп кутулуп аларсың. Сен ошентип жигиттик кыл. Жигит боло албасаң айла жок, анда кийин бир жигит чыгып, кокоңдон алып кустуруп алар!.. Сенден башка да миллиондогон кредит алып, анан аны төлөбөй кутулуп турган дагы башка жөкөрлөрүң да акчаны кайтарсын!

Автор: Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу