Билим берүү министрлиги башталгыч класстардын китептерине ижара акысын киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Документке ылайык, сентябрь айынан тарта Ош, Талас облустарынын, Жайыл, Ноокен, Кочкор, Кадамжай жана Ысык-Көл райондорунун 397 мектебиндеги окуучулар бир китеп үчүн 25 сом төлөшү керек болот.
Чогултулган каражаттар жаңы китептерди сатып алууга жумшалмакчы. Китеп жоголгон же айрылган учурда ата-энелер жаңы китеп сатып берүүсү же анын баасы канча болсо ошончо сумманы төлөөсү зарыл.
Булак: Каганат