СЕНСАЦИЯ — СҮРӨТ: Курманбек Бакиевдин азыркы аткаминерлер менен түшкөн сүрөттөрү ачыкка чыкты…

Кыргызстан алакандай мамлекет болгону менен ушул тапта ич-ара, уруу-уруу, партия-партия, Түндүк-Түштүк деп акырын бөлүнгөндөр көбөйдү. Ачуу чындык. Тилекке каршы, эл менен бийликти диалогго чакырып, ынтымакка келип, тыйылбаган кырсыктын алдын алып, “түлөө өткөрөлү, эки тизгин бир чылбырды кармап, бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарылы” деген ак сакалы жайкалган акыл айткан Кошой менен Бакай аталардын жоктугу зээниңди кейитет.

Кандай гана жерге барбагын, тиги Акаевчил, тиги Бакиевчил деген сөздөр тажатат. Ким кепилдик бере алат, эртең эле «тиги Атамбаевчил» дешип, алдыга урунуп чыккандар болбойт деп.

Ушул убакка чейин аттуу-баштууларга, “Кыргыз эли кантип бириксе болот?- деген суроого, “Кыргыз башына мүшкүл иш түшкөндө башы биригет” деген жоопту 2-3 жылдан бери угуп келе жатабыз. Чындыгында ата-бабаларыбыз “ниетиң түз болсо баары болот”, жаман сөздү “оозуңду жел учурсун” деп айтып келишкен.

Дегениндей эле так ушул учурда Кыргызстанда кырдаал курч болбогону менен, кырсык каптап, ар бир адамды ойго салчудай мезгил болуп турат. Бийлик үчүн тирешип, байлык үчүн күрөшүп, келечек үчүн кол шилтеп, барган сайын, “алтыны мол жер, акылы жок элдей” болуп, кенебестиктин казанына түшүп бара жаткандайбыз.

Алсак, чын эле алакандай кыргыз элине быкбырдай кайнаган партиянын, топ-топко бөлүнгөн уурунун кереги барбы деген суроо жаралат. Ошондуктан ойрону чыкпай туруп Кыргыз эли, кыргыз бийлиги өзүн Кыргызстандын ички саясатында эле кайнай бербей, эл аралык деңгээлде дагы карашы керек.

Жакында эле, «мамлекетти элдик курултай институту аркылуу башкаруу системасын орнотуу керек», деген идея чыгып, көч башына Азимбек Бекназаров турду.

Демилгенин башында турган Азимбек мырза, элдин башын бириктириш, «эки революция кылгандан кыйын» экендигин баса белгилеп айтып, “Элдик курултай институту ишке кирсе, кандай башкаруу болгон күндө да бийлик элге жыл сайын отчет берет. Жаңылыштык кетирүүгө жол берилбейт. Кетирсе ошол замат Курултай аны иштен айдайт. Бийлик бүгүнкүдөй каалаганын жасап Сагымбайдын ким экенин билбеген, өмүрү бир саат сабак бербеген адамды Билим берүү министри кылып бекитпейт. Көчөгө митинге чыкмайлар токтойт. Бардык маселени Элдик Курултайда эли өзү чечет, -дегендей айтты.

Ушул тапта, мамлекеттин, элдин байлыгын түрдүү арам жолдор менен талап тоногон олигархтарды Жогорку Кеңешке, бийликке алып келгенге кеңири шарт түзүлдү. Коом менен бийлик ортосунда баланс бузулду. Маданий ишмерлер, интеллегентер, чыгармачыл, окумуштуу адамдар Жогорку Кеңешке барууга жол жабылганы жашыруун деле эмес.

Ошондуктан биз келечекте мыкты уул-кыздарды тарбиялап өстүрүүнү кааласак, акыл-эстүү аткаминерди, жүрөгү кыргыз деп соккон жигиттерин алдыга чыгарып, Кыргыз деген улутту мындан ары да даңазалап, бийлик менен эл, Бакиевдин доорундагыдай диологго жана ынтымакка келиши абзел.

Акаев, Бакиев жана Атамбаевчил деп бөлүнгөндүн пайдасы жок. Кыргызстан кытай эмес, эртең менен көргөн адамды түштөн кийин деле көрөсүң. Ошондуктан, бири-бирибизди чукуп, жамандаганды коюп, ынтымакка келбесек, башка мамлекет бизге чыныгы мырзасын алып келип, мамлекетибизди оңдоп бербейт. “Бөлүнгөндү бөрү жейт” болбой, бөлүнгөндү токтотсок.

Ошентип,  бөлүнгөндөр үчүн, далил үчүн, өткөн тарыхты эске салып, эми мындан ары биздин сайт, “Сүрөттөр сүйлөйт” деген рубрикабызды ачтык.

Эми мындан ары, кайсы гана атка минер болбосун, кандай гана адам болбосун, айрыкча “Акаевчил” жана “Бакиевчил” дегендердин сүрөттөрүн таап чыгып, окурмандарга жарыя кылып турабыз. Азыр, кыйынчылыкта таштап качпаган, достукту сатпагандарды, унутулуп бара жаткан адамдарды төмөнкү сүрөттөрдөн көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу