Семетей Талас уулу, журналист: Ой, жөн карычы Каракеченин кочегары!

Садык Шернияз таасын таап айткан депутат Камчыбек Жолдошбаев «Азияньюс» гезитине маек бериптир. Деңгээлине жараша. Дүйнөтаанымына, мүнөзүнө жараша. Анысына кусаматчылык жок. Мактанып, дардаңдай берсин. Акырын жылма кошоматын кыла берсин. Өз жашоосу, өз бейнеси.
Бирок ошол жерде да кайра мага асыла кетиптир.
«Семетейдин дарегин билем. Талаа четинде бир кепеде жашайт. Ага колумду булгап не кылам. Балдарды жиберсем башын жулуп алмак» деген сыяктуу.
Текеберленген, байлыгына манчыркаган, бир нерсе болсо жигиттерин жиберип сабатууга даяр манаптын жообу. Кудум Кудаяр хандын тагасы Домбудай опурулуп…
Эй байкеси, хотя байке деген атка да, мырза деген атка дагы татыктуу эмессиң. Ошентсе да жашың улуу байке деп кайрылайын.
Эй байкеси мен сенчилеп Каракеченин көмүрүн Камаздап сугунган эмесмин. Элдин ырыскысына кол салбадым. Сенин 2 гектар жерге салган 52 бөлмөлүү 3 кабат үйүңдүн жанында менин 5 бөлмөлүү үйүм албетте кепе сыяктуу көрүнүшү мүмкүн))) Ага арданган деле жокмун. Себеби бул үйдү атам экөөбүз тапкан каражатка, бир тууган инилерим менен чогуу салганбыз. Ак эмгек, маңдай тер менен. Сен сыяктуу арам байлык менен жашасам балким сеникинен мыкты хансарай салмактырмын. Айтмакчы, Акордо конушу көзүңө талаа көрүнүп атса, мен үчүн дүркүрөп өсүп келе жаткан абасы таптаза жаңы конуш.
Анан дагы «балдарды жиберип сабатам» деген зөөкурлүк ойлоруңдан кайт байкеси. Былтыркы конфликт эстен кете элек. Андагы ата-энеме асылып сөккөн уу создөрүң аликүнчө кулагымда жаңыра берет. Ошондо далай жолу машинамдагы килейген бычакты алып чыгып, ашказан тушунду жара сайып, ылдый тартып ичегилериңди чубап таштайын деп ойлодум. Бирок Кудай бетин ары кылсын мен бирнерсе болсом үйбүлөмдү ким карайт деген ой мени тушап турду. Андыктан балдарыңды жиберем деп алардын жана менин убалыма калба!
Жөн кары Каракеченин кочегары! Адамдарга ушунча зулум кылып кордойсуң, эмне Алла Таалам жазаңды бербейт деп ойлойсуңбу?! Бул дүйнөдө бербесе да, аркы дүйнөдө бериши мүмкүн. Балким бейишке чыгарсың бирок мен ойлойм Алла Таалам сен сыяктууларды тозокто эле кочегар кылат болуш керек деп. Андыктан аракты азыраак ичип Аллага тообо кылып кечирим сурап, сен запкы көрсөткөн кишилерден да кечирим сурап ал бул дүйнөдө.
Негизи байкеси былтыр менин ордумда бирөө болгондо догурунуп ооруканага жатып алып акчаңды саамак, Жогорку Кеңешке арыз жазып депутаттык мандатыңды алдырууга аракет кылмак. Мен жигит катары арыз жазбадым. Арам акчаңа кызыкпадым. Ортого салган кишилериңди кабыл албадым. Ушундан кийин «ал балага туура эмес кылып алыптырмын, кечирим сурайм жигит экен» десең нагыз аксакалдын сөзү болмок. А сеники кайрале акшакалдын сөзү болуптур. Ошол байкеси, көтөрүп турган асманың болсо таштап ий! Үйүмдү деги билип алыпсың эмне максат менен келсең ошондой жооп аласың!

Семетей Талас уулу

Аргумент.kg
Жооп калтыруу