СЕМА ДҮЙНӨЛҮК ФУТБОЛ ЧЕМПИОНДУГУНДА КҮЙӨРМАНДЫК КЫЛУУДА.

Учурда түн уйкудан калтырган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан чагы. Ырчы Сема чемпиондук башталганда эле Москва шаарына кеткенин айтат: «Сезимдер укмуш. Телевизордон көргөн башка, стадиондон көргөн таптакыр башка экен. Биз чемпиондуктун ачылышында Москва шаарына келгенбиз. Анан Казань шаарына бардык, учурда Сочидебиз. Футболго жалаў бир туугандар келдик. Агам Москва шаарында турат, бир иним Польшадан келди, 5 бир тууганбыз, мен уулумду да алып алгам. Ошентип алты адам болуп башыбызга калпагыбызды кийип, кыргыздын желегин көтөрүп алып күйөрман болуп жүрөбүз. Мен Бразилия менен Португалияга күйөрмандык кылып жатам. Туугандарым, уулум менен футбол чемпиондугуна барууну кыялданчумун. Кыялым орундалды».

БУЛАК: СУПЕР ИНФО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу