Сезим: «Көзү ачыктардан көз каранды болгон жашоого туш болдум…»

Саламатсыздарбы? Учурда 32 жаштамын. Баладан көзүм каткан менин башымдан кандай гана сыноолор өткөн жок. Турмушка чыга элек кезимде бактылуу секелек кыздардын катарын толуктап, өзүмдүн келечегиме багыт таба билген, анча-мынча нерселерге баш оорутуп кайгыга түшпөгөн баарын суктантып жаркылдаган мүнөзүм менен шайыр кыз элем. Баары мындан 5 жыл мурун башталды. ЖОЖдордун бирин кызыл диплом менен бүтүп жактырган жигитиме турмушка чыктым. Башында баары жакшы болчу жолдошум, анын ата-энеси жана мен болуп чогуу борбордо жашачубуз. Келгенимден 1 жыл өтпөй кайненем сенин кош бойлуу болбой жатканыңдан шегим бар деп мени көзү ачыктарга сүйрөп жөнөдү. Алар акчабызды алып коюп эле эч кандай жыйынтык чыгара албай көпкө убара болдук.

Күндөрдүн биринде кайненем мени Ош базарда жайгашкан бир көзү ачыктын кеңсесине алып келип абалымды айтты. Ал мага дем салып берип, күйөөм экөөбүз жакындашаарда айтыла турган дубаны жыныстык мүчөлөрүбүзгө тийгизип 7 күн көзөмөлүндө болуу керектигин түшүндүрдү. Мен эмнегедир ушул эженин айтканына ишеним артып күйөөмө көзү ачык эже айткандай кылуу керектигин айтсам, жолдошум чалкасынан кетти. Күйөөмдү эптеп апасы экөөбүз көндүрдүк. Баягы айткандарын кылып, барган сайын көзү ачыкка 5 миң сомдон жогору акча таштап кетип жаттык. Бирок ал айткан убакыт да келди бирок жыйынтык болгон жок.

Көзү ачык сенин жолуңду бир жакын курбуң тостуруп коюптур мазарга барсаң жолуң ачылат деп мени жана күйөөмдү Байтик жактагы бир мазарга жөнөттү. Биз мал союп ошол жактагы баардык ырымдарды жасап келдик. Андан сырткары жакын курбуларым менен байланышты үздүм. 3 ай убакыт өткөн соң менин боюмда болду. Кубанычыбызда чек жок эле, бирок түйүлдүк ичтен өлүп калганын УЗИге  барганда билдим. Мен үчүн аябай чоң сокку болду.

Мен күйөөмдү күнөөлөп “сен чындап мазарларга ишенип барганда балабыз жарыкка келет эле, сен көп ишенбей койдуң мына бизге ыраа көрбөй улуу күчтөр балабыздан ажыратып койду”- деп жемелеп кирдим. Күйөөм менин абалымды көрүп унчукпады. Ошентип мен мазарлардан жана көзү ачыктардан көз каранды болуп калдым. Менде үй-бүлө ата-энем, кайын журтум бар экенин унутуп баары менен катышпай мазарлап кетип калам. Ошондон улам күйөөм менен түшүнбөстүктөр болуп экөөбүз көп уруша баштадык. Мен болсо мени ушундай күндөргө жетелеген кайненемди күнөөлөйм.

Кайненем байкуш биздин урушта баласына тартаарын билбей же мен тарапка тартаарын билбей көпкө кыйналды. Ортодо жакындарыбызды кыйнап бүттүк. Канча жылдап мазарлап жүргөн мен кадимкисиндей эле дагы бир мазарга барабыз деп Көл тарапка камынып жатсам, күйөөм мага “мени тандасаң үйдө олтур мага аял керек, кудайдын буйруган күнү балалуу болобуз, эгерде көзү ачыктарды тандасаң төрт тарабың кыбыла каалаган жагыңа кете бер,”- деп шарт койду. Мен күйөөмдөн мындай чыккынчылыкты күткөн эмесмин.

Барбай койсом чынында эле балалуу боло албай калабызбы деп корком. Бирок күйөөмдөн да ажырагым келбейт..

Мени ушундай күнгө жем кылган кайненемдин күнөөсү барбы же баарын өзүм кылып алдымбы? Эмне кылсам болот? Кырдаалдан чыгуу үчүн сиздер кандай кеңеш бересиздер?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу