Сегиз жылдан бери люстрациядан өткөн «Пармашка» вице-премьер Алтынай Өмурбекова кандайча жакын?..

Кыргыз милициясынын ичинде атагы таш жарган Бакыт Парманкулов сегиз жылдан бери өзүн люстрациядан өткөрүп, эми кызматтык тепкичтерге секирик жасаганы турат. Сегиз жыл кызматсыз отуруу менен өзүнө бир топ сабак алгандыр, албетте, эмки кадамдарын таразалап таштаса керек. Коомчулукка «Пармаш» каймана аты менен таанылган каарманыбыздын жубайы менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бир тууган эже-синдилерден болот.

Алтынай айым бүгүнкү өкмттүн курамындагы иш билги кадр, о.э. ал Чүйдүн кызы, Руслан Казакбаевдин келини катары да белгилүү. Ар тарабынан тамырлашкан жагынан алганда, баракелде! Баса, бир кездерде Алтынай Өмүрбековага «Пармаштын» жарыгы тийиптир, эми келме кезекпи?..

Булак: АЗИЯньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу