Сегизбаев кайсы кылмышкерди бошотуп жиберген?

Камчыбек Кускаков деген бир жигит бар, отко салса күйбөйт, сууга салса чөкпөйт. Бизде негизи мындай кишилер өтө эле көп эмеспи. Камчыкең да ошолордун катарын толуктайт. Бирок Ысык- Көлдүн жигиттери абийир менен ар-намысты бийик койчу эле, Кускаков кайдан чыкканы белсисиз. Бул жигит Бакиев бийлиги менен иштешкени аз келгенсип, кийинки бийликтин да тилин тааптыр. Бакиев кеткенден кийин парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстандын» камчысын чаап жүргөн эле. Кечээ жакында, тагыраагы өткөн жылдын күзүндө паспорт жасоо боюнча бир кылмыш ишине шектелип Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынган эле.

Анан кантип бул жи­гит өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча куратору болуп дайындалып калган ыя? Деги эле бизде бүгүн камакка алынып, эртең кандай болуп чыкканы билинбегендер көбөйдү. Кускаковду камактан ким сууруп чыгып, кызматка дайындаган? Бул жагы кызык болууда. Тиешелуу тараптар жорп берип койгулачы байболгурлар…деги Сегизбаевдин тиешеси жокпу?

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу